7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Мораторий алынды». Эми тамактануучу жайлар катуу текшерилет

704

Кыргызстанда тамак-аш азыктарын өндүрүү жана жүгүртүү менен алектенген объектилерди текшерүүгө киргизилген мораторий алынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тамак-аш азыктарын өндүрүү жана жүгүртүү менен алектенген объектилерге байланыштуу жугуштуу оорулардын жана массалык уулануулардын алдын алуу, тамак-аш коопсуздугун жана эпизоотиялык бакубаттуулукту камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2018-жылы 17-декабрдагы «Ишкердик субъекттерин текшерүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пунктуна өзгөртүүлөр киргизилди.

Өзгөртүүгө ылайык, тамак-аш азыктарын (сактоо, ташуу, жүзөгө ашыруу) өндүрүү жана жүгүртүү менен алектенген объектилерде Кыргыз Республикасынын тамак аш коопсуздугу жаатындагы техникалык регламенттеринин жана башка ченемдик-укуктук актыларын талаптарын сакталышын текшерүүгө мораторий алынды.

Бишкектеги акыркы массалык ууланууга байланыштуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери бүткүл республика боюнча жалпы тамактануучу жайларды текшерүүгө алышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

705