7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Москва мигранттарды каттоодон баш тартып жатабы? Элчиликтен жооп

1080

Кыргызстандын Россиядагы элчилигине кыргызстандык жарандан Москва облусунун миграция маселелери боюнча бөлүмү жаңы паспорт алган жарандарды каттоону узартуудан баш тартып жаткандыгы тууралуу кайрылуу келип түшкөн.

Элчиликтен билдиришкендей, маалыматты текшерүү үчүн консулдук бөлүмдүн кызматкерлери көрсөтүлгөн дарекке барып, Россиянын Ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча бөлүмүнүн жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушууда миграцияга каттоодон баш тартуунун себеби эмгек келишимдери туура эмес түзүлгөнү экендиги аныкталган.

Элчиликтин консулдук бөлүмүнүн юристтери миграция маселелери боюнча бөлүмдүн кызматкерлери менен биргеликте Кыргызстандын жарандарына документтерди белгиленген тартипте даярдоо зарылдыгы боюнча түшүндүрмөлөрдү беришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1081