Токио Олимпиада оюндарында күмүш медалга ээ болгон, грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов бүгүн Ош шаарынын спортчулары менен жолугушууда.
Анда эл сыймыктанган балбанга «Исмаил Ата» фондунун президенти Раим Матраимов Бишкектен 3 бөлмөлүү элиттик батир белек кылды. Ош шаарындагы спортчулар менен болгон жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов, Айбек Осмонов, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов жана 600 дөн ашык спортчулар катышууда.