7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Москва районунда жеке турак үйдүн короосунан унаа айдап качкандар кармалды

674

Чүй облусунда милиция кызматкерлери унаа уурдоого шектүүлөрдү кармашты. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындан мурда 38-жаштагы М.С. аттуу жаран арыз менен милицияга кайрылып, 2021-жылдын 23-сентябрына караган түнү Москва районунун Төлөк айылында үйүнүн короосунан белгисиз адамдар “Субару Форестер” унаасын уурдап кеткендерге карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факты Москва районунун кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (“Унааны уурдоо”) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлер тарабынан жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам иш-чаралардын алкагында, Чүй облусунун ИИББнын Криминалдык милиция кызматкерлери менен Москва районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шектүү катары 1993-жылы туулган Т.Т. жана 2000-жылы туулган М.У. кармалап, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда милиция кызматкерлери кармалгандардын башка кылмыштарга тиешеси бар-жогун териштирүүдө. Унаа Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймагынан табылган жана жакынкы аралыкта ээсине кайтарылып берилет. Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

675