7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда диний-экстремисттик материалдарды таратып жүргөн жаран кармалды

694

2021-жылдын 8-апрель күнү Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, Жалал-Абад шаарынын аймагында “А” аттуу жаран диний-экстремисттик материалдарды жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык түзүмүн бузууга алып келүүчү чакырыктарды жасап жаткандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.

Аталган маалымат Жалал-Абад ОИИБдин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 313-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жогоруда аталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында берилген тергөө тапшырмасынын негизинде, “А” аттуу жарандын өздүгүн аныктап, тергөө кызматына камсыз кылуу максатында жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында, Жалал-Абад шаарынын 51 жаштагы тургуну Х.М. экендиги жана ал Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Хизб-ут Тахрир Аль Ислами” диний-экстремисттик уюмуна таандык болгон материалдарды жайылтуу менен уюмдун идеологияларын колдоого өзүнө жакын жашаган атуулдарга, кошуналарына, тааныштарына чай уюштуруп, аягында “Хизб-ут Тахрир Аль Ислами” диний-экстремисттик агымынын идеологияларын жайылтып, сабактарды өтүп мыйзамсыз аракеттерди көрүп жаткандыгы аныкталган.

Мындан сырткары,  М.Х. “Хизб-ут Тахрир Аль Ислами” диний агымынын идеологияларын интернет булактарында жайылтуу максатында өзүнүн “Вотсапт” мессенджеринде “Махалла жура” (Кошуна жоро) аталышындагы тайпа  ачып, ал жакта өзү жашаган аймактагы атуулдарды кошуп,   “Хизб-ут Тахрир Аль Ислами” диний-экстремисттик агымынын идеологияларын чагылдырган материалдарды таратып жаткандыгы тергөө мезгилинде такталган.

Жогоруда көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тийиштүү далилдерди келтирүү жана шектүүлөрдү аныктоо максатында Жалал-Абад шаардык соту тарабынан берилген тинтүү жүргүзүү жөнүндөгү токтомунун негизинде, атуулдар олтурган бөлмө жана андан сырткары Х.Мнын турак-үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн учурда шек жараткан уюлдук телефондор, китептер, баракчалар иш боюнча далил зат катары алынган жана тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында ал материалдарда диний-экстремисттик “Хизб-ут Тахрир Аль Ислами” уюмунун идеологиясын чагылдыралган, ошондой эле диний кастыкты козутууга багытталган материалдар бар экендиги аныкталган.

Шектүү Х.М.нын баш коргоо чарасы Жалал-Абад шаардык тергөө судьясы тарабынан каралып, 2 айга камак алуу түрү тандалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ошону менен катар аталган кызмат тарабынан облус аймагында бул багытта эл арасында түшүндүрүү жана алдын алуу иштери тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

695