7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Москвада зомбулукка кабылган кыргызстандыктар арыз жазуудан баш тартты

133

Москвадагы мончолордун биринде зомбулукка кабылган кыргызстандыктар арыз жазуудан баш тартышты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Эмгек министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери мончо комплексинде жабыркаган кыргызстандыктар менен жолуккан. Анда кыргызстандыктарга арыз жазуу сунушталып, бирок алар баш тартышкан. Өкүлчүлүк тарабынан укуктук колдоо көрсөтүлөт.

Азыр 24 кишинин ичинен кармалган 22 кыргызстандык кое берилди. Кармалган экөөнү бошотуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Ошону менен бирге Эмгек министрлигинин өкүлчүлүгү РФ Башкы прокуратурасына, укук коргоо органдарына, анын ичинде ИИМине, Москва шаарынын прокуратурасына, Россиядагы адам укуктары боюнча ыйгарым укуктууга жана башкаларга тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен кат жолдоду.

134