Кечээ, 10-август Владимир Жириновский озү жетектеген ЛДПР партиясынын мүчөлөрү менен Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин алдына митинг өткөргөн. Мындан улам, элчи Гүлнара-Клара Самат Владимир Жириновскийди жолугушууга чакырып, сүйлөшүүлөр жүргөн. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматы билдирди.
Элчи оюн-зоок жайында болгон окуя кайсы өлкөдө болбосун кезигерин, ал күнүмдүк деңгээлдеги окуя катары караларын айтып, бул маселе боюнча өлкөнүн компетенттүү органдары тийиштүү иштерди аткарып жаткандыгын белдирген.
Мындан тсырткары, элчи Кыргызстанда орус тили расмий тил болуп саналаарын, ал Кыргызстан элдеринин бардык улуттарынын ортосундагы баарлашуу тили жана КМШ өлкөлөрүнүн маданий тили катары кызмат кылаарын айткан.
Гүлнара-Клара Самат ага улай Кыргызстан ар дайым Россия менен эки тараптуу мамилелерди бардык багытта өнүктүрүүнү жактай турганын белгилеген. Теманы улантып, элчи ушул жылдын 19-августунда Чолпон-Атада «ЕАЭБдеги бизнес-өнөктөштүктүн жаңы чакырыктары жана мүмкүнчүлүктөрү» аттуу III кыргыз-россия бизнес-форумун өткөрүү пландалып жатканы айтылган.
«Өз кезегинде Мамлекеттик Думанын депутаты алдыдагы бизнес-форумга катышууга кызыкдар экенин билдирди жана жолугушууга катышкан ЛДПРдин өкүлдөрүнө өлкөнүн экспорттук өнүгүү потенциалы менен таанышуу жана Кыргызстандын туризм, мал чарбасы жана агрардык сектор чөйрөсүндөгү бизнес коомчулугу менен жолугушууларды өткөрүү үчүн Кыргызстанга барып келүү сунушун киргизди. Ошондой эле В. Жириновский Борбор Азия өлкөлөрү менен Россиянын ортосундагы маданий байланышты өнүктүрүү үчүн Ч. Айтматовдун Ысык-Көл форумун кайра баштоону сунуштады»-деп жазылат маалыматта.
Мамлекеттик Думанын депутаты өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды мындан ары өнүктүрүү керектигин белгилеп, Кыргызстанда россиялык туристтердин санын көбөйтүү үчүн Россиянын шаарларынан Ысык-Көл облусуна темир жол байланышын ачуу маселесин иштеп чыгууну сунуштады.
Жолугушуунун аягында тараптар өлкөлөр ортосундагы учурдагы эки тараптуу мамилелер өзгөчө достук жана стратегиялык мүнөзгө ээ экенин белгилешти.