7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Москвадагы “Кыргызстан” соода-көргөзмө борбору оңдолууда, жакында колдонууга берилет

734

Мамлекетибиз экономикасы кубаттанып, өлкө ичиндеги имараттарды эле эмес, башка мамлекеттеги Кыргызстанга таандык мүлктөрдү дагы оңдоп, элге кызмат көрсөтө тургандай шарттарды түзүп жатат.

Москва шаарында жайгашкан (ВДНХ) “Кыргызстан” соода-көргөзмө борборунун имараты толук ремонттон өтүүдө.

Бул жерде, мурдагы союздаш өлкөлөргө таандык павильондор бар. Кыргызстандан башкасы качан эле оңдоп, ар бир мамлекет өздөрүнүн улуттук-маданий борборуна айлантып алышкан.

Мындан бир топ жыл мурда “Кыргызстан” соода-көргөзмө борборун кыргызстандык ишкерлер инвестиция салып оңдоп, кызмат көрсөтүүчү маданий жайга айланткан. Тилекке каршы, 2016-жылы инвестор менен Кыргыз өкмөтүнүн ортосунда ажырым болуп, кайрадан талкаланып, ушул кезге чейин кароосуз турган.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен кайрадан толук оңдолуп, жакында колдонууга берилүү алдында турат.

Имаратты Президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кыргыздипсервис” ишканасы тейлейт. Бул жай — Москвада жүргөн мекендештерибиз чогулган маданий жайга айланат.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал || 7 kanal (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

735