Москвага түшкөн кар 146 жылдагы метеорологиялык рекорддордун бештигине кирди. Бул тууралуу РИА Новости билдирет.
Маалыматка караганда, 9-январдагы кар катмары байкоо жүргүзүү мезгилиндеги эң калың делген бештикти толуктаган.
Синоптиктер шаарга жааган жаан-чачын айлык орточо көрсөткүчтүн 40% түзгөнүн белгилешти.
Акыркы 50 жылдагы күнүмдүк жаан-чачын рекорду да жаңыланды. Мурунку рекорд, 12,9 мм, 1976-жылы коюлган.
Адистердин айтымында, Москвада кардын максималдуу калыңдыгы 39 сантиметрден ашты. Черусти, Михайловское жана Серпуховдо рекорддук өлчөмдөгү кар катталды.
Окумуштуулардын белгилешинче, кышында шаарда калың кардын жаашы 5-6 жылда бир жолу кайталанат.



