Россиянын борбор шаары Москвага талибдердин делегациясы келди. Анда Афганистан боюнча сүйлөшүүлөр «Москва форматы» боюнча жүргүзүлөт.
Бул тууралуу маалыматты «РИА Новости» маалымат агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, коноктор сапарынын алкагында эки тараптуу жолугушууларды дагы жүргүзмөкчү. Негизги тема боюнча консультациялар менен форумдарга региондогу 10 мамлекеттин делегаттары, Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Афганистандын азыркы Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Абдул Салам Ханафи катышат.
«Жолугушууда Афганистандагы бийлик алмашкандан кийинки аскердик-саясий абал, гуманитардык колдоо жана министрлер кабинетинин түзүлүшү боюнча негизги маселелер талкууланат», — деп жазылат маалыматта.