7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Муфтий Оштогу селден кайтыш болгон кишинин үй-бүлөсүнө куран окутту

465

Азирети Муфтий кыян кесепетинен каза болгон Хайдарали Низамеддиновдун үй-бүлөсүн зыярат кылып, Куран түшүрдү.

21-июль күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Ош шаарына жасаган иш-сапарында селдин кесепетинен бир үй-бүлөдөн 4 киши каза болгон Ош шаарынын тургуну Низамеддинов Хайдаралинин үй-бүлөсүн зыярат кылды. Зыяратынын алкагында сел кырсыгынан курман болгондорго багыштап Куран окуп, дуба кылды.

Азирети Муфтий каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, акчалай жардам көрсөтүү менен Оштогу жалпы жума окулган мечиттерде Куран окулуп, дуба кылынганын айтты.

Эске салсак, селдин кесепетинен кишинин 44 жаштагы аялы 19, 10 жана 6 жаштагы кыздары каза болгон. Бул үй-бүлө август айында улуу кызын турмушка узатмак. Анын апасы жакында эле Оруссиядан той өткөрүүгө келген эле.

 

466