7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Муфтият 2021-жылга карата зекеттин баасын бекитти

865

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өлкө боюнча 2021-жылга карата зекеттин баасын бекитти. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

  1. Ар бир мусулман пенденин байлыгы Ислам шариятында көрсөтүлгөндөй зекет (нисабына) өлчөмүнө жетип, колунда кармалып турганына бир жыл толсо, ал мусулманга зекет берүү парз болот.
  2. Зекетке ошол байлыктын кырктан бир (40/1) бөлүгү башкача айтканда, 2,5%и берилет.
  3. Зекеттин (нисабы) өлчөмү алтын эсебинде 20 (мыскалга) алтынга барабар. 20 мыскал орто эсеп менен 87,48 грамм алтынга туура келет. Ал эми күмүштүн өлчөмүнө караганда 612,36 граммга туура келет. Кыргызстанда 1 грамм (жасалга болбогон лом) алтындын орточо баасы 2680 сом. Ал эми 1 грамм уютулган күмүштүн баасы 65 сом.

Жыйынтыгында: Алтын баасында эсептегенде: 87,48 грамм алтынды (585-проба менен) 2 680 сомдон эсептегенде 234 446 сом болуп, анын кырктан бири 5 861 сом. (Эгер АКШ доллары менен эсептегенде 2 764 доллар болуп, анын кырктан бири 69 доллар).

Күмүштүн баасы менен эсептегенде: 612,36 грамм күмүштү (орто эсеп менен) 65 сомдон эсептегенде 39 803 сом болуп, анын кырктан бири 995 сом. (Эгер АКШ доллары менен эсептегенде 469 доллар болуп, анын кырктан бири 11 доллар).

Жогоруда аталган зекет 5 нерседен берилет: Алтындан, күмүштөн, нак акчадан, товарлардан (соода-сатык ниетинде сатып алынган буюмдар), малдан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

866