Кыргызстандын мусулман дин башкармалыгы 2023 ажылык сапарында ажылар кийүүчү жайкы кемселин (жилет) тигүүгө сынак жарыялады.
Маалыматка караганда, 25-январдан 17-февралга чейин арыздар кабыл алынат.
ТАЛАПТАР:
Убактылуу Республикалык Штабдын (УРШ) төрагасынын атына конкурска катышуу боюнча арызы.
Конкурска катышуучу жактын иш кагаздарынан (документтеринен) көчүрмөлөр.
Лицензия (патенттин) көчүрмөсү.
Салык жана соцфондго атайын төлөмдөр боюнча карызы жоктугун тастыктоочу документ.
Конкурска катышуучу жактын тигүү ишканалар рыногундагы кеминде үч жылдык ишмердигин тастыктоочу каржы иш кагаздары.
Реквизиттер.
Ажылык сапарында ажылыр кийүүчү жайкы кемселдин (жилет) эркектер жана аялдар үчүн үлгүсү (конкурска көрсөтүүгө).
УРШнын мүчөлөрүнө (эркектер жана аялдар үчүн) кийүүчү жайкы кемселдин (жилет) үлгүсү (конкурска көрсөтүүгө).
Конкурс 21-февраль КМДБнын имаратында саат 10:00до өткөрүлөт.
Өткөрүү дареги: Бишкек шаары, Гоголь көч. 57.
Уюлдук тел: 0705811523; тел/факс: 0312 48 61 67; э-почта: muftiyat.hajj@mail.ru
Эскерте кетсек, көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечигип тапшырылган заявкалар комиссия тарабынан каралбайт.