7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Муфтият кыздар медресесин текшерүүнү талап кылган депутатка жооп берди

739

Муфтият кыздар медресесин текшерүүнү талап кылган депутат Динара Ашимовага жооп берди. 

«Социалдык тармактарда диний окуу жайлар боюнча тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. КР аймагындагы КМДБга караштуу диний окуу жайлардын 25 пайызын гана кыз-келиндер окуу жайлары түзөт. КМДБ өзүнүн алдындагы диний окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү жумушсуз калбашы үчүн атайын «Кесиптик билим берүү» долбоорун демөөрчүлөр менен бирге ишке ашырып, бүгүнкү күндө өлкөбүздөгү 28 диний окуу жайда кошумча кесиптик билим берүү курстары ачылган. Атап айтсак: “Ашпозчу-кондитер”, “Ширетүүчү”, “Электромонтажник, “Тикмечи”, “Бал челекчи”, “Тиричилик техникаларын оңдоочу адис”, “Эмерек жасоочу уста”, “Слесарь-сантехник” жана “Компьютердик сабаттуулукка үйрөтүүчү адис” багытында үйрөтүлүп, студенттер үч айдын ичинде кесипке ээ болуп сертификаттарды алышууда. Бүгүнкү күндө бүтүрүүчүлөрдүн 65 пайызы жумуш менен камсыз болушкан. Диний окуу жайларды иретке келтирип, шарттарын жакшыртуу менен билим алуусун камсыздоо максатында 2023-жылдан бүгүнкү күнгө чейин атайын ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, өлкөдөгү диний объектилер жана окуу жайлар текшерилип келет. Текшерүүдөн өткөн диний окуу жайлардын кызматкерлеринин билимин атайын түзүлгөн аттестациялык комиссия текшерүүдө. Мындай текшерүүлөр буга чейин Аалымдар Кеңеши, Муфтият тарабынан да жүргүзүлүп келген»,- дейт Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы.

Эскерте кетсек, кечээ жыйында депутат кыздар диний гана билим алып, кийин иштеш үчүн эч бир адистикке үйрөнбөй жатканын жана кооптуу тенденция жаралганын айткан.

 

740