7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мугалимдерге “Алтын Казык” брендиндеги ноутбуктар тапшырылды

314

23-январда Каракол шаарындагы STEM сабактары боюнча мугалимдерге “Алтын Казык” брендиндеги ноутбуктар салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Калаадагы М. Горький атындагы мектеп-гимназияда өткөрүлгөн салтанаттуу жыйынга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов жана Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова да катышты.

Эске сала кетсек, бул ноутбуктар И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин “Технопарк” мекемесинин базасында чогултулган. Ата-мекендик ноутбуктардын белгиленген техникалык талаптарга шайкештигине Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан түзүлгөн комиссия тыкыр текшерүү жүргүзгөн.

Караколдогу мектеп мугалимдерине 192 тапшырылган ноутбуктар “Алтын Казык” брендиндеги ноутбуктардын алгачкы партиясы болуп саналат. Ноутбуктардын кийинки партиялары жыл ичинде министрликтин аймактык билим берүү бөлүмдөрүнө белгиленген тартипте өткөрүлүп берилет.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

315