23-январда Коргоо министрлигинин аскер кызматчылары жана Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы арасында түшүндүрүү-алдын алуу иштери жүргүзүлдү.
Аталган иш-чара УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиевдин тапшырмасынын алкагында болуп өттү.
Жыйынга коргоо мекемелеринин башкаруу органдарынын жетекчилиги, ошондой эле борбордук баш ийүүдөгү түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчылары катышты.
УКМК кызматкерлери иш-чаранын катышуучуларына коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөр, тагыраагы коррупциялык кылмыштарды жасагандар үчүн күчөтүлгөн жоопкерчиликти түшүндүрүштү. Ошондой эле, 2024-жылдагы коргоо мекемелеринин тутумунда аныкталган жана бөгөт коюлган коррупциялык схемалардын айрым жыйынтыктары жана фактылары айтылды.
Жыйында өлкө жетекчилиги тарабынан 2025-2026-жылдары коррупциялык кылмыштарды толугу менен жок кылуу милдети коюлганы белгиленди. Буга байланыштуу Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматкерлерине коррупциялык аракеттерге же коррупциялык схемаларды уюштурууга жол берилбестиги тууралуу эскертүүлөр берилди.