7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаарына дайындалган мэр кызматкерлерине бир нече талаптарды койду

508

Ош шаарына бүгүн дайындалган мэр кызматкерлерине бир нече талаптарды койду. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Алгачкы аппараттык жыйында Жеңишбек Токторбаев кадрдык алмаштыруулар болбой тургандыгын, бардык мэриянынын аппаратынын кызматкерлери жана жетекчилери менен иштеше тургандыгын айтты.

«Менин негизги принцибим – жетекчилерди алмаштыруу эмес, шаардын жана шаар тургундарынын кызыкчылыгы үчүн иштөө. Жыйынтык көрсөтүү. Мен эч кандай коррупциялык көрүнүштөргө жол бербейм. Сиздерден да ушул нерсени талап кылам. Башкаларга күзгү болууңар керек. Өзгөчө курулуш тармагында же жеке ишкердикте уруксат берүү, маселесин чечүү үчүн жасалма тоскоолдук кылуу аркылуу акча талап кылуу сыяктуу көрүнүштөр болбосун»,- деди Токторбаев.

Мындан тышкары:
— Жетекчилер мындан ары жумушка коомдук транспорт же жеке транспорт менен келесиңер. Эч ким кызматтык унаасын колдонбойт.
— Ар бир жетекчи кайсыл жерге барбайлы, курулуш иштери болобу, жолго чыгабызбы даярдыкта болгула бөлмөңөрдө тиешелүү кошумча өтүк, кийим-кече болушу керек.
— Шаардын жолдорун оңдоого, кардан тазалоого өзгөчө көңүл бурулат, 80-жылдары чыккан техникалар жүрөт, жаңы атайын техникаларды сатып алабыз.
— Көчөлөр чаңып жатат, тазалоого өзгөчө көңүл бурабыз.
— Мындан ары аппараттык жыйындар, тиешелүү жетекчилер менен бирге мэрияда эмес ар бир аймакта, маселе жаралган жерде өтөт.
— Билим берүүгө көңүл бурулат. Өлкөдө рэкет, криманал деген жолголду. Мектептерде да рэкет деген түшүнүк болбойт.
— Кызыл сызыктан чыккан, жол боюнда жайгашкан мыйзамсыз курулуштар, анын ичинде соода-сатык түйүндөр буздурулат.
— Унаа тыгынын жоюу максатында жол кесилиштерине кошумча жаңы өтмөктөрдү курууга көңүл буруу зарыл.
— Ош шаардык кеңеши менен тыгыз иш алып барабыз. Алардын ар бир сунуш, пикирине өзгөчө көңүл бурабыз.
— Орун басарларына жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине куттуктап, ар кандай белек-бечкектерди алып кирүүгө кажет жок.

509