7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бабанов: Бул долбоор жөн гана эс алуу эмес. Бул ден-соолукка, өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым

212

Бул долбоор жөн гана эс алуу эмес. Бул ден-соолукка, өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым. Бул тууралуу жеке ишкер Өмүрбек Бабанов социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

«Президент Садыр Нуркожоевич менен Алтайга болгон сапарымдагы айрым байкоолорум менен бөлүшкүм келди. Аны иш үстүндө көрүү мүмкүнчүлүгү өтө сейрек кездешет, ал эми бул сапар мен үчүн көп жаңы нерселерди ачты.

Албетте, лыжа кийген сүрөттөр жалаң эс алуу сыяктуу сезилиши мүмкүн. Бирок жанында болгондуктан, чындыгында бул көп иш экендигин айта алам. Президент «Миң жүрөк» (Манжерок) тоо-лыжа курортунун бардык тарабын кылдат карап жатты. Канат жолдорунун дизайны менен курулушунан баштап, мейманканалардын, ресторандардын жана балдар аянтчаларынын функционалдуулугуна чейин тынбай текшерип жатты. Ал баарын сүрөткө жана видеого тартып жатты. Айтор, долбоорлоордон баштап сатууга чейинки бардык учурларын карап чыкты.

Эмне үчүн? Кыргызстанда, Жыргалаң, Ак Булак жана Бозучук тоолорун бириктирген тоо-лыжа курортунда жөн гана жакшы эмес, кооз «Миң жүрөк» сыяктуу андан да жакшы болсун деген максаты үчүн. Алтай тажрыйбасы жаратылыш потенциалын кантип натыйжалуу пайдаланууга болорун, заманбап технологияларды жана дизайнды табит менен киргизүүнү, туристтер үчүн эң ыңгайлуу жана коопсуз чөйрөнү түзүүнү көрсөтүп турат.

Дүйнөдөгү эң мыкты тоо-лыжа курортторунун бирин куруп, өз тажрыйбасы менен ачык бөлүшкөн кабыл алуучу тарапка ыраазычылык билдирем. Алынган тажрыйба Кыргыз «Куршавелинин» мурдагыдан да терең каралып, ийгиликтүү болушуна жардам берээрине ишенем. Бул долбоор жөн гана эс алуу эмес. Бул ден-соолукка, өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө чоң салым»,- деп жазды Бабанов.

213