“Социал-демократтар” саясий партиясынын төрагасынын орун басары Кадыр Атамбаевдин айдоочусу ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбегендиги жана тергөөгө тоскоолдук кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы кабарлады.
Бишкек шаардык кеңешине шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда “Социал-демократтар” саясий партиясы тарабынан шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин жүрүшүндө, 2025-жылдын 22-январында аталган партиянын депутаттыгына талапкер Эрмек Эрматов аталган саясий партиянын төрагасынын орун басары Кадыр Атамбаевдин жеке көрсөтмөсүнө ылайык иликтенип жаткан кылмыш иши үчүн мааниси бар далилдерди жашырууга аракет кылгандыгы аныкталды.
Ички иштер органдарынын кызматкерлери тергөө тапшырмасы жана кечиктирилгис тинтүү жөнүндө токтомдун негизинде Эрмек Эрматов башкарган “КИА КАРНИВАЛ” үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Бирок, Э.Эрматов мыйзамдуу талаптарды аткаруудан баш тартып, автоунаанын салонуна бекинип, уюлдук телефон аркылуу көрсөтмө алып, салондо сакталган электрондук алып жүрүүчүлөрдү жок кылууга аракет жасаган. Жагдайга байланыштуу автоунааны ээсине эскертүү берүү менен мажбурлап ачууга туура келген.
Бирок, Эрматов ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, укук коргоочулардын унаасына зыян келтирип, качып кеткен. Тез арада артынан жүрүп, “Перехват” планы жарыяланып, жыйынтыгында автоунаа Бишкек шаарынын Ахунбаев жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде токтотулуп, Э.Эрматов самбо ыкмаларын колдонуу менен кармалды.
Учурунда кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп, жазык иши үчүн маанилүү документтер жана электрондук алып жүрүүчү каражаттар табылган. Алардын арасында Темирлан Султанбеков жана Кадыр Атамбаевдин аттарына жазылган чет өлкөлүк паспорттор, 70 даана квитанция жана чектер, кара түстөгү китепче жана башка документтер, кара түстөгү “РОСО” моделиндеги уюлдук телефон, 5 даана флеш-карта, “Samsung” үлгүсүндөгү кара түстөгү ноутбук (CND6353VWD сериялык номери менен) жана анын кубаттоочу кабелдери, Apple iMac 27 моноблогу (модель A1419, күмүш түстөгү клавиатурасы менен), эки даана жашыруун видео көзөмөл камерасы, “КББ” жана “ТКБ” моделиндеги видео жаздыруучу жабдуулар бар экени аныкталды.
Андан соң кармалган Э.Эрматов Октябрь РИИБга жеткирилип, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 126 жана 128-беренелеринде каралган бузуулар үчүн убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда анын башка кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталууда.
Посмотреть эту публикацию в Instagram