7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мугалимдерге жасалма интеллектти үйрөтүүчү курс ачылды

307

Эми билим берүүдө жасалма интеллект пайдаланыла баштайт. Ал үчүн Агартуу министрлиги мугалимдерге жана билим берүү кызматкерлерине жасалма интеллектти колдонууну үйрөтүүчү онлайн-курс иштеп чыккан. Ал https://ustat.edu.gov.kg/ платформасында жайгаштырылып, анда жасалма интеллект  тууралуу негизги түшүнүктөр, колдонуу ыкмалары жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу модулдар камтылган. Ошондой эле YouTube платформасында маалыматтык видеороликтер, ар-кандай колдонмо материалдар жарыяланып турат. Мектептин мугалимдерине да тренингдер өтүлөт.

Бул туурасында «Жаңылыктын жарчысы» педагогикалык форумунун алкагында министрдин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева маалымдады.

“Бул платформа аркылуу мугалимдин сабакка тезирээк, жеңилирээк жана натыйжалуураак даярданышына, ошондой эле билим берүү контентин жакшыртууга,  мугалимдин санариптик ассистенти катары бир нече секунддун ичинде сабакка керектүү материалдарды тандап, суроолорду түзүп,  сабакка ылайыктуу кызыктуу иш-аракеттерди сунуштай алат”- деди министрдин орун басары.

«Биз балдарга жасалма интеллектини жоопкерчилик менен, туура жана пайдалуу колдонууну үйрөтүшүбүз керек. Бул — келечекке жасаган инвестиция», — деп жыйынтыктады Лира Самыкбаева.

308