Париждеги жайкы ХХХIII жайкы Олимпиада оюндарында кыргызстандык боксчу Мунарбек Сейитбек уулу чейрек финалга чыкты.
Спортчу 57 кг салмак категориясында 1/8 финалда кубалык Сайдель Иван Орта Родригес менен беттеш өткөрдү. Үч раунддун жыйынтыгы боюнча калыстар Кыргызстандын боксчусуна жеңишти ыйгарды.
Эми Мунарбек Сейитбек уулу чейрек финалда АКШнын спортчусу Жамал Харви менен кез келет.
Беттеш 3-августтан 4-августка караган түнү өтөт.
Спорчу беттештен кийин жеңишке жетиш үчүн болгон аракетин жасаарын айтты.
“Кудайдын буйругу менен бул беттешти жеңдим. Кийинки беттештерди жеңип, Кыргызстанга жеңиш алып барабыз деген үмүттөбүз”, — деди боксчу.
Видео: prosports_kyrgyzstan