Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Бишкекте эки судьянын кармалышы боюнча үн катты.
«Кармалганы факт, муну билчүбүз, эскерткенбиз. Ошого карабай соттордун арасынан кармалышты. Далилдери жетиштүү болсо керек. Биз тергөө ишине кийлигишпейбиз, тескерисинче, колдоо көрсөтүп жатабыз», — деди Базарбеков.
Эскерте кетсек, УКМК Бишкек шаардык сотунан Н. И. А., Ленин райондук сотунан К. Н. Т. аттуу судьяларды пара менен кармаган. Соттор кеңеши аларды жоопкерчиликке тартууга макулдук берип, судьялар тергөө абагына киргизилген.