7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мурда соттолгон жарандын үйүнөн баңгизат табылып кайра камалды

558

Баткенде мурда соттолгон жаран бангизатын үйүнө сактагандыктан кайрадан кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын 40 жаштагы тургуну Ш.Инин үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Тинтүү учурунда шектүү жашаган турак үйүнөн 84граммдан ашуун өзгөчө жыты бар, күрөң түстөгү зат табылып алынган.

Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде алынган затка тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат 84гр,65млгр. наркотиканын “опиум” түрү экендиги аныкталып, тергөө иштерин жүрүшүндө шектүү мурда  сот жообуна тартылгандыгы маалым болду.

Кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

 

 

559