7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескен Асел Кыргызстандан кетүү ниетин билдирди

660

Мурдагы күйөөсү тарабынан кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаева анын мурдагы жолдошуна сот чечим чыгаргандан кийин алгачкы жолу үн катты.

Ал соттун чечими чыккан соң көп ыйлап, өзүнө келе албай жүргөнүн белгилеген.

«Унчукпай келгеним үчүн кечирим сурайм. Мага байланышка чыгуу моралдык жактан өтө оор болду. Соттун өкүмүнөн кийин өзүмө орун таппай калдым. Абдан көпкө ыйладым, кайра эле ошол коркунучтун баарын башынан өткөрдүм. Бул трагедияга чейин мен Азамат Эстебесовдун үстүнөн көп жолу арыз жаздым. Анткени, ал мага көчөдө кол салып, сабап, аңдып, коркутуп-үркүткөн билдирүүлөрдү жазып, эки жолу кордоп, бирок милиция мени өлтүргүчө, биз эч нерсе кыла албайбыз деп айтты.

Көрсө, бул чын экен, мени өлтүрүү максатында келип, өлтүрбөй койгону үчүн 20 эле жыл берилди. Ал менин көзүмдү оюп алайын деп жаткан эле, ошол маалда үйгө милиция кирип келди. Жактоочум чалды, ал мага сот өмүр бою эркинен ажырата албастыгын түшүндүрдү, анткени мыйзам жана берене ошондой. Балким сот менен прокурор өмүр бою эркинен ажыратууну каалаган, бирок мыйзам шектүү тарапта болчу!

Мен жана менин эки уулум үчүн өлкөдө калуу өтө кооптуу, анткени ал мунапыс менен бошотулушу мүмкүн. Бийлик өзгөрөт, убакыт өтөт, көптөр мени унутат. Мен азыр кимдир бирөө мени аңдып, эшикте күтүп турганын элестете берем. Түнкүсүн мен бир нече жолу ойгоном. Уктагым келбейт, уйкудан корком, түшүмдө ошол күнгө кайтам. Балким, Кыргызстандан чыгып кеткенден кийин тынч уктай алам»,- деп жазган жабырлануучу.

Эске салсак, Азамат Эстебесовго карата 26-январда Сокулук райондук сотунун өкүмү чыккан. Ага ылайык, ал 20 жылга эркинен ажыратылып, мурдагы аялына компенсация катары 2 миллион сом, мамлекетке айып пул катары 80 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирилген.

661