7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мыйзам сунушталууда. Айрым тамак-аштардын жарнамасына чектөө коюлат

611

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети «КРнын “Жарнама жөнүндө”, “Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун карап, концепциясын жактырды.

Ага ылайык, айрым тамак-аштардын жарнамасына чектөө коюлат, айрыкча мектептерге жакын жерге  коюуга тыюу салынмакчы. Демилгечилердин бири,  ЖКнын депутаты  Евгения Строкова мыйзам долбоору туура тамактанууга болгон балдардын укуктарын жүзөгө ашырууга багытталганын белгилеп, «Туздун жана эт майынын камтылышы жогору болгон тамак-аш азыктарынын маркетингин чектөө зарыл«- дейт.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери — Жогорку Кеңешинин депутаттары Е. Г. Строкова, А. Э. Самигуллина, А. К. Касымалиева, А. А. Карашев, Ч. Ч. Урумкалиева, Б. К. Аманова, Г. К. Асылбаева, Б. Э. Торобаев, О. Ж. Турдумамбетов, С. К. Нышанов жана Р. М. Туманбаева.

Демилгечилер Кыргызстанда туз Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сунуштаган чектен 2,5 эсеге көп пайдаланылаарын, андан тышкары эт майы камтылган тамак-аштардын арбын болуусу ден соолукка терс таасир берээрин айтышат.

Ошондуктан, тиешелүү мыйзамдар аркылуу саламаттык сактоо жана билим берүү уюмдарынын имараттарынын, спорттук залдардын жана башкар курулмалардын, стадиондордун жана аларга жанаша жайгашкан жайлардын айланасындагы 100 метр аралыкта канттын, туздун жана эт майынын камтылышы жогору болгон тамак-аштарды жарнамалоого чектөө киргизүү демилгеленүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

612