7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мээрим Жуманазарова дүйнөлүк рейтингде экинчи орунга чыкты

756

Балбан кыз Мээрим Жуманазарова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде экинчи орунга көтөрүлдү.

Маалыматка ылайык, жаңыланган рейтинг Ослодо өткөн Дүйнө чемпиондугунун жыйынтыгы боюнча түзүлдү.

Норвегияда Жуманазарова 68 кг салмакта алтын медалга ээ болду жана бул ага дүйнөлүк рейтингде 2-орунга көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүк берди. Кыргыз балбаны биринчиде турган спортчудан 9 упай артта.

Эскерте кетсек, Жуманазарова Токиодогу Олимпиада оюндарында коло медаль алгандан кийин дүйнөлүк рейтингде үчүнү орунда болчу.

Бириккен күрөш дүйнөсүнүн версиясы боюнча дүйнөлүк рейтинг:

68 кг чейин:

1. Тамира Сток Менса (АКШ) — 123 упай

2. Мээрим Жуманазарова (Кыргызстан) — 114 упай

3. Блэссинг Оборудуду (Нигерия) — 90 упай

4. Ханум Велиева (Россия) — 65 упай

5. Адела Ханзликова (Чехия) — 42 упай.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

757