7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мыйзамсыз менчикке чыгарылган бала бакча мамлекетке кайтарылды

282

Мурда мыйзамсыз жол менен жеке менчикке чыгарылган бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Жогоруда аталган бала бакча комплекси «Айгүл» АКнын балансынан мыйзамсыз чыгарылып, жеке жактарга сатылып кеткен.

Менчик ээлери бул мүлккө ээлик кылуунун укукка жатпагандыгын түшүнүп, Бишкекте жайгашкан жалпы аянты 0,65 га болгон 2 кабаттуу 280 орунга ылайыкталган бала бакча комплексин мамлекеттин балансына ыктыярдуу түрдө кайтарып берди.

УКМК тарабынан тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

283