7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мыйзамсыз ташылып келген дарылардын ири партиясына бөгөт коюлду

638

Баасы 50 миллион сомдон ашык 450 ящиктен турган кымбат баалуу дары-дармектердин ири партиясы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 18-январда «Ак-Тилек — унаа жолу» чек ара тилкесинде жүк ташуучу документтери ишенимсиз «Вольво» үлгүсүндөгү унаа кармалган. Анда айыл чарба буюмдарына жамынып, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды алып келүүгө жана КРнын салык органдарында каттоого турууга тиешелүү документтери жок, баасы 50 миллион сомдон ашык 450 ящиктен турган кымбат баалуу дары-дармектердин ири партиясы табылган.

Учурда бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн фактыга башка кызмат адамдарынын катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

 

639