7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жоокерлерди сабаган деген шек менен Аскер бөлүктүн 3 командири кармалды

818

Жоокерлерди сабаган делип Коргоо министрлигинин аскер бөлүгүнүн үч командири кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Аскер прокуратурасы тарабынан текшерүү иштерин жүргүзүүдө Коргоо министирлигинин аскер бөлүктөрүнүн биринин жооптуу кызмат адамдары тарабынан аскер кызматкерлерине карата зомбулук көрсөтүү фактылары аныкталды.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (уруп-сабап кыйноо) менен кылмыш иши козголду. Кылмыш иштин алкагында зомбулук көрсөткөн аскер бөлүгүнүн 3 жетекчиси камакка алынды.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмышка тиешеси бар башка жооптуу кызмат адамдары такталууда.

 

819