7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алагөзов: Зордукталып, өлтүрүлгөн кыздын иши президенттин жеке көзөмөлүндө

180

Киши колдуу болуп мыкаачылык менен өлтүрүлгөн өспүрүм кыз Айсулуунун ишинин тергелиши президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов соцтармактагы баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, коомчулукту нес кылган бул кылмыш тууралуу кабарды мамлекет башчыбыз терең өкүнүч менен кабыл алды.

«Ошол эле учурда мамлекет башчысы президенттик администрациянын Укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальниги Мурат Укушевге балдарга, кыз-келиндерге карата жасалган кылмыштарга карата жоопкерчиликти күчөтүүнү караган өзгөртүүлөрдү мыйзамдарга киргизүү боюнча иш алып баруу тапшырмасын берди. Тактап айтканда, жаш балдарды зордуктагандарды өлүм жазасына тартуу, кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүү. Президент Садыр Жапаров айрыкча жаш балдарга жана кыз-келиндерге карата кылынган кылмыштар жазасыз калбашы керек деген позицияда», — деп айтылат Алагөзовдун билдирүүсүндө.

181