7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Миң-Булак айылынын тургуну шырдакты 90 жыл сактаган. Мыктынын мыктысы тандалды

726

28-июнда өткөн «Кырг­ыз шырдагы» эл ара­лык фестивалында 230дан ашык шырдак кароо-сынакка коюлуп, мыкты деп табылган уздардын эмгектерине акчалай сыйлыктар жана дипломдор тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

«Мурас шырдагы» номина­циясы боюнча баш байге Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылынын тургуну Гүлсүн Калы­ковага ыйгарылды. Ал кайынэнеси 1933-жылы жасаган шырдакты 90 жылдан бери сакта­гандыгы үчүн 30 000 сом байгеге ээ болду.

Ал эми «Инновациялык шырдак» номинациясын­а Жумгал районунун Куйручук айылынын тургуну Нурай Эсенкано­ванын чакмак шы­рдагы татыктуу деп табылып, 40 000 сом ыйгарылды.

«Мыкты шырдак» деп Кочкор ра­йонунан келген уз Сайкал Ниязованын шырдагы бааланып, 50 000 сом байге алды.

Мындан тышкары «Мыкты ала кийиз» номинация­сында Талас облусу­нан келген уз Кымбат Байматованын кол эм­геги жеңүүчү деп табылып 12 000 сом байге берилди. Тандалган эмгектер өлкөнүн музейлерине коюлмакчы.

Ошондой эле ондон ашык кол өнөрчүлөрг­ө 1000 сомдон 10 000 сомго чейинки акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Фестивалдын жалпы байге фонду 300 миң сомду түзүп, бул каражатты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги каржылады. Мындан сырткары КР Соода-өнөр-жай палатасы 40 миң сом өлчөмүндө колдоо көрсөттү.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

727