7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Маркум прокурорлордун үй-бүлөсүнө төлөнүүчү кенемте 20 эсе кыскарды

1322

Кыргызстанда кызмат учурунда жол кырсыгынан каза болгон прокурордун үй-бүлөсүнө бюджеттен миллиондогон сомдук кенемте төлөнгөн окуядан кийин мындан ары анын суммасы кыйла кыскартылмай болду. Бүгүн Жогорку Кеңеш тийиштүү мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда карап, колдоп берди.

Өзгөртүүнүн максаты өлкөнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүн оптималдаштырууга жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери милдеттерин аткарып жатканда курман болгон же майыптык алган учурда алардын үй-бүлөлөрүнө бир жолку жөлөкпулду төлөөдө тең өлчөмдүүлүккө жетүүнү камсыз кылууга багытталган.

Атап айтканда прокуратура органдарынын кызматкерлери курман болгон учурда алардын үй-бүлөсүнө анын акыркы кызмат орду боюнча 20 орточо айлык эмгек акысынын өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөө сунушталат. Ал эми азыркы мыйзамга ылайык, курман болгондун үй-бүлөсүнө анын акыркы кызмат орду боюнча орточо жылдык эмгек акысынын эсебиндеги 20 жылдык эмгек акы өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнөт.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1323