7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мырзакат Тыналиев: Мындан 100 жыл мурун «Эркин тоо» гезитин баатырлар чыгарган

447

«Кыргыз туусу» гезитинин баш редактору Мырзакат Тыналиев: Азыр «Кыргыз туусу» деп аталган жана алгачкы саны 1924-жылы чыккан «Эркин тоо» гезити – жөн гана кыргыз басма сөзүнүн эмес, жалпы эле кыргыз журналистикасынын башаты. Анткени ага чейин жалпы улуттук масштабда кыргыз тилинде чыккан гезит да болгон эмес жана деги эле журналисттик кесип дагы ага чейин калыптанбаган. Советтик мезгилде гезиттин аты «Кызыл Кыргызстан», андан соң «Советтик Кыргызстан» деп да өзгөргөн.

Ошол 100 жыл мурдагы абалга көз чаптырсак, оор мезгил кыйын адамдарды жаратып, табигый тандоонун жыйынтыгында аренага келечекти көрө билген, заманы үчүн билимдүү, алдыңкы ой жүгүрткөн баатырларды алып чыгат деген чындыкты байкайбыз. Ошол мезгилде «Эркин тоо» гезитинин башында ошондой адамдар турган, гезит араб ариби менен терилип чыккандыктан, алар ошол араб тамгаларын кыргыз фонетикасына ыңгайлаштырган…

448