Мырзаке– Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
«Жерине жиберилген техниканын жардамы менен аталган унаа жолу азыркы учурда кеңейтилүүдө. Электр тармактары ишканасынын адистери жогорку чыңалуудагы электр чубалгысын калыбына келтирүү иштерин жасап жатышат»- деп берилет маалыматта.
Эске салсак, түнкү саат 2лер чамасында Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайку унаа жолунун 82-чакырымына көлөмү 6000 м3 таш кулап унаа жолу эки тараптуу жабылып, чоң чыңалуудагы электр зымдары үзүлгөн.