7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Надырбеков Улуттук маданий борбордун директорлук кызматынан кетти

557

Союзбек Надырбеков Улуттук маданий борбордун директорлук кызматынан кетти. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Бүгүн башка жумушка которулганыма байланыштуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы улуттук маданий борборунун директору кызматын тапшырып берип жатам.

Президентибиз, өкмөт башчыбыз ж.б. жетекчилер катышкан мамлекеттик, эл аралык, юбилейлик иш-чаралардын маданий багыттарын татыктуу уюштурууга болгон күч-аракетибизди жумшадык.

Маданият — коомдун күзгүзү деп коет. Анын сыңарындай маданиятты иш-чараларыбыз аркылуу максималдуу түрдө элибизге жеткирүүгө, өздөрүн түз катыштырууга бел байладык жана жаңы форматтагы флешмобдорду уюштурдук.

Мамлекеттик ири иш-чараларга жаңы жүздөрдү алып чыгууга, жеринде өткөн иш-чараларда жергиликтүү маданият инсандарын катыштыруу саясатын активдүү койдук” – деп жазган ал.

Надырбеков ушул жылдын февраль айында Улуттук маданий борборго директор болуп дайындалган. Ага чейин маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болгон.

 

558