Чүй облусунун Сокулук райондук сотунда эки жаштагы Егордун сабалганына байланыштуу өтүп жаткан соттук отурумга акыйкатчы институтунун кызматкерлери байкоо жүргүзүүдө.
Анда баланын сот адилеттигине болгон укугу канчалык деңгээлде сакталып жатканы байкоого алынат. Мындай маалыматты башкы укук коргоочу уюмдун маалымат кызматы маалымдады.
Учурда Сокулук райондук соту эки жаштагы наристенин сабалышына байланыштуу ишти карап жатат. Бүгүн, 21-июнда күбөлөр суралган.
Үстүбүздөгү жылдын 3-февралда колу-буту күйүп, бети-башы, денеси көгала жана жыныс органы кесилген абалда Сокулук райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө наристе жеткирилген. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, баланы сабоого шектүү катары 34 жаштагы жаран кармалган. 7-февралда бир жаштагы Егор Бишкектин №3 балдар ооруканасына которулган.
Бул окуядан кийин Кыргызстанда балдардын укугун коргоо боюнча бир айлык жарыяланган.