Нарын дарыясына секирип кеткен 17 жаштагы кызды издөө иштери башталды. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.
Бүгүн издөөгө 10 куткаруучу, Ички иштер министрлигинен 20 кызматкер, жалпы 30 адам чыкты. Издөө иштерин биринчи топ Нарындагы Актал-Чат көпүрөсүнөн баштап, Тоголок-Молдону көздөй суу жээги менен жүргүзөт. Экинчи топ Нарын шаарынын Жаңы-Жол аймагынан Жан-Булак айылын көздөй улантат.
Белгилей кетсек, Нарын дарыясына 2007-жылы туулган Т.Э. аттуу кыз секирип кеткендиги тууралуу маалымат 2-ноябрда түшкөн. Ошол күндөн бери издөө улантылып жатат.
Кошумча маалымат берилет.