7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчилери кармалды

343

Нарын шаардык билим берүү бөлүмүндөгү мыйзамсыз акча чогултуу фактысы боюнча мекеменин жетекчилери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар шаардагы билим берүү мекемелеринин жетекчилеринен 4000 сомдон 5000 сомго чейин акча талап кылышкан. Чогултулган каражаттар Эсептөө палатасынын инспекторуна финансылык мыйзам бузууларды жашыруу үчүн берилет деп айтылган.

Шектүүлөрдүн кызматтык бөлмөлөрүн тинтүү учурунда 68 миң сом өлчөмүндөгү накталай акча, Нарын шаарындагы 17 билим берүү мекемесинин (мектептер жана бала бакчалар) тизмеси жана акча каражаттарынын которулушу тууралуу белгилер коюлган жазуулар далил зат катары алынды.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, дагы башка тараптарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштери улантылууда.

344