7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарында 100 орундуу жаңы төрөт үйүнүн курулушу башталды

13

 

Бүгүн, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Нарын шаарындагы облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушуна капсула салды.

Жаңы төрөт бөлүмүнүн имараты 100 орундуу болуп, жер төлөсүн кошкондо 4 кабаттан турат. Долбоорду ишке ашырууга республикалык бюджеттен 269 766 600 сом каралган. Имарат керектүү шарттар менен камсыздалып, заманбап талаптарга толук жооп берет.

Өз кезегинде генерал-полковник Камчыбек Ташиев Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын кызматкерлери менен жолугуп, дарыгерлердин түйшүктүү жумушунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ак халатчандардын эмгеги, дени сак келечектин башаты экенин кошумчалады. Андыктан өлкө жарандарынын ден соолугуна, өзгөчө кам көрүүнү, алгач медицина кызматкерлеринин иштөө шартын жакшыртуудан баштоо керектигин айтты.

Мындан улам өлкө жетекчилигинин тапшырмасы менен аймактарда ооруканалардын курулушу жүрүп жатканын, алардын бири Нарын облустук ооруканасынын төрөт үйү экенин баса белгиледи. Ошондой эле Ташиев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, медицина кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлө тургандыгын маалымдады. Андыктан ак халатчандарды өз жумушун так жана таза аткарууга чакырды.

14