БШКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков берилген арызынын негизинде кызматынан бошотулду.

Эске сала кетсек, УКМК 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоо учурунда алдамчылык кылуу фактысы боюнча Нарын шаарынын мэрин кармаган.

Кийинчерээк Болотбеков Башкы прокуратуранын прокурорунун өтүнүчү менен тышка чыкпоо жөнүндөгү тилкаттын негизинде камактан бошотулгандыгын Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлаган.