«Мен дагы башында Садыр Жапаров бийликти басып алат деп ойлогом», — дейт Жогорку Кеңештин 4-5-чакырылышынын депутаты Нарынбек Молдобаев. Бул тууралуу пикирин ал 7-каналдын түз эфиринде маек берип жатып билдирди.
Анын айтымында, Нарынбек Молдобаев дагы жаңы долбоорду алгач туура эмес деп эсептеген.
«Мен деле ошол эл сыяктуу Садыр Жапаровго каршы болгом. Болгон бийликтин баарын алып жатат, кечээ эле 6-октябрда эл колдоп көтөрүп чыкса бийликке келе элек жатып бийликти басып алып жатат деп ойлогом. Бирок ойлосом азыр биздин турмуш кандай? Коррупция бизде кенен кулачын жайды. Төрөттөн баштап сөөгүңдү жерге койгонго чейин коррупция. Бул мафияга айланып кетти. Ошондуктан бир адамдын колуна бийликтин баарын өткөрүп берсе ошол адам эл үчүн, жер үчүн, өкмөт үчүн иштеп, баарын колго алса. Ошондой тартип менен гана бизди ушундай туңгуюктан алып чыгып кетпесе. Мен ошондуктан азыркы Конституциянын жаңы долбоорун колдоп отурам. Мен ойлойм сырттагы күчтөр дагы жөн турган жок. Батыш мамлекеттердин бул жерде агенттери бар аларга дагы түрткүлөп айтып жатышкан болсо керек», — дейт ал.