7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарында айыл аймагынын башчысы жана орун басары УКМКнын кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды

632

Кочкор районунун Сары-Булак айыл аймагынын башчысы жана Кара-Суу айыл аймагынын башчысынын орун басары УКМК кызматкерине ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-августта УКМК кызматкерине кылмыш жоопкерчилигинен качкандыгы үчүн 125 миң сом өлчөмүндө акча каражатын берип жаткан учурда Кочкор районунун Сары-Булак айыл аймагынын башчысы С.М.Т. жана Кочкор районунун Кара-Суу айыл аймагынын башчысынын орун басары М.К.С. кармалды.

Жогорудагы жарандар Кочкор районунун Кара-Суу айыл аймагынын аймагынан жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестринин маалыматты каттоо журналына катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалган. Ошол эле күнү кармалгандар Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

633