Нарында банкоматта кезекте турган кызды сабаган жаран кармалганын облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Нарын шаарынын тургуну 20 жаштагы К.А. «102» номерине чалып, бейтааныш адам аны эч себепсиз уруп-сабаганын билдирип, ага карата мыйзамга ылайык чара көрүүнү өтүнгөн.
Аталган факт Нарын шаардык ички иштер бөөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Арыз ээсине соттук-медициналык экспертиза дайындалып, ооруканага жаткырылды.
Кылмышка шектүү катары Нарын районунун Орто-Нура айылынын 1992-жылы туулган тургуну аныкталып, оорусуна байланыштуу камакка алынган эмес. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.