7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарында коомдук транспорттогу жол кире көтөрүлөт

471

Нарын шаарында коомдук маршруттук унаалардын жол кире акысы 10 сомго көтөрүлөт. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын шаардык мэриясы билдирген.

«Буга чейин окуучулар 5 сомдон түшүп келишкен. Эми жаңы долбоорго ылайык чоңдор жана балдар үчүн төлөм бирдей суммада, башкача айтканда, 10 сом болот. Ошондой эле таштанды төлөмдөрүнүн да баасы жогорулап, 12 сомдон 20 сомго көтөрүлөт. Бул боюнча 2022-жыл ичинде Нарын шаарынын беш аймагында коомдук талкуулар өткөрүлүп, жыйынтыгында таштанды жана жол киренин баасын көтөрүү боюнча чечим Нарын шаардык кеңешине сунушталган»,- деп берилет маалыматта.

Таштанды тарифин көтөрүүнүн максаты — таштанды чыгаруу чыгымын толтуруу жана кызматкерлердин маянасын көтөрүү. Ал эми жол киренин тарифи күйүүчү-майлоочу майлардын кымбатташынан улам коомдук маршруттук автоунаалардын жолго кеткен чыгымын актоо менен маршруттук унааларды көбөйтүү үчүн жогорулоодо.

Булак: sputnik.kg

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

472