Нарында бир эле көчөдө эки өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 7-декабрда Кочкор районунун Эпкин айылынын Сүйүндүк көчөсүндө кошуна үйлөрдүн короолорунан өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен 600 түк саман күйүп кеткен.
Ал эми саат 19:43тө ушул эле көчөдө бастырмада жыйылган самандан өрт чыгып, 2 тонна саман күйүп кеткен.
Учурда өрт кырсыктарынын келип чыгуу себеби такталууда.