Нарында таштандыны кайра иштетүүчү завод курулат. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган долбоор 20-декабрда президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында өткөрүлгөн жыйында презентацияланып, “Рэндом” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Мирбек Раимов менен Нарын районунун Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Бектуровдун ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду.
Долбоордун эксперти Александр Гусевдин айтымында, долбоордун алкагында көп жылдан бери чогулган катуу калдыктарды жылуулук менен утилдештирип, кайра иштетүүчү завод курулат. Бул завод экологияга зыянын тийгизбейт. Заводдон чыккан электр жана жылуулук энергиясын калктын тиричилиги үчүн арзан баада максаттуу пайдаланууга болот. Жайкысын таштандыны иштетүүдө жылуулуктун ордуна кондиционер менен муздак аба чыккандыктан аны да туура пайдаланып, мал союучу жайларды курууга ыңгайлуу экенин билдирет.
Таштандыны кайра иштетүүчү завод Нарын шаарынын чыга беришиндеги Нарын районунун Эмгекчил айыл аймагына тиешелүү санитардык полигонуна курулаары айтылды.
«Завод курулса суткасына 20 тонна таштандыны күйгүзүп жок кылуу мүмкүнчүлүгү болот. Таштанды калдыктары түгөнсө бара-бара башка өнүккөн мамлекеттердей элден сатып алуу жолу каралат”, — дейт долбоордун эксперттеринин бири Ильич Кулназаров.
Белгилей кетсек, заводдун курулушу 2022-жылдын январында башталып, май-июнь айлары менен ишке берилээри пландалууда.