7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

860

Кочкор районунун аймагындагы жер тилкени мыйзамсыз басып алуу фактысы боюнча уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Тергөө жүрүп жаткан Кочкор районунун аксакалдар кеңешинин жамааттык арызы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2022-жылы жеке жактарга кайра сатуу максатында өз билемдик менен Кочкор районунун аймагынан 100 гектардан ашык жер тилкесин ээлеп алган адам А.Ы.А. кармалды. Андан соң аталган жаран аксакалдар кеңешинин мүчөлөрүн физикалык күч колдонуу менен коркуткан.

Белгилей кетсек, кармалган жаран декабрь айында Кочкор РИИБнин жетекчилигин колго алуу менен Кочкор айылындагы кафенин ээсинен опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча кармалган Ш.Н.О.нун Кочкор районунун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү болуп эсептелинет.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

861