7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарында “Жамбаш” каймана аты менен таанылган жаран кармалды

559

Нарында “Жамбаш” каймана аты менен таанымал болгон жаран кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга Ак-Талаа районун тургуну арызы менен кайрылган. Аны 17-октябрь күнү болжол менен саат 16:00 чамаларында “А.” аттуу жаран эч себепсиз ур-токмокко алган. Ошондой эле, анын иштетип жаткан ашканасына келип, ай сайын 7-8 миң сомдон опузалап талап кылып жүргөндүгүн билдирген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси 4-бөлүмүнүн 2 пункту (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө, Жаңы-Талап айылынын 1977-жылы туулган тургуну (кайманаты Жамбаш) кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.

Шектүү Нарын шаарындагы ЖАКтын СИЗО-4 мекемесине 1-айлык мөөнөткө камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.

 

560