Ак-Талаа, Ат-Башы райондорунда 2-май күнү аба ырайы кескин өзгөрүп, жайлоого 20 см чейин суу кар жааган.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, жааган кардан Орто-Сырт жайлоосунда 500 баш уй жана 1000 башка чукул кой алып, он күн мурун көчүп барган 2 чабандын малы тоютсуз калган.
Бүгүн Терек айылында жашаган мал ээлери бир камаз тоют чөп алып, Орто-Сырт жайлоосуна кетишкен.