Каратэ боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Назым Нурланов Эр-Риядда өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк оюндарда күмүш медаль тагынды.
Дене тарбия жана спорт департаментинен маалымдашкандай, спортчу 75 кг чейинки салмакта катышкан. Аталган мелдешке учурда Кыргызстандын каратэ, самбо, грепплинг жана жиу-житсу боюнча спортчулары катышып жатат.
Буга чейин самбо боюнча курама команда 3 коло медалга ээ болгон.
20-октябрь күнү башталган мелдештер 30-октябрь күнү жыйынтыкталат.